Бишкектеги жаңы конуштардын биринин жашоочусу “өз таанышына бычак сайган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 23-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну бычактан жараат алып ооруканага жеткирилген. Жабырлануучунун айтымында, аны таанышы бычак менен көкүрөккө сайып жиберген. Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.