Асылбек Жээнбеков: "Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү кайталангыс процесске ээ болду"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 23-июнда Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын төрайымы Анн Брассер менен жолугушту. Жолугушуу “демократия боюнча өнөктөш” макамын берүү жөнүндө сертификатка кол коюу боюнча пландаштырылган расмий аземдин жана ЕКПАнын жайкы сессиясына Кыргызстандын парламенттик делегациясынын катышуусунун алкагында өтүп, тараптар кызматташуу келечегин жана аталган макамды ишке ашыруудагы Жогорку Кеңештин ордун талкуулашты.
Жээнбеков кыргыз тараптын ЕКПА менен кызматташууга өзгөчө маани берерин айтты. Ошондой эле Анн Брассерге “демократия боюнча өнөктөш” макамын алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин арызынын алкагында көлөмдүү иштер жасалгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ЕКПА парламентчилеринин бул маселедеги колдоосун баса белгиледи. “Бул Кыргызстанда парламентаризмдин калыптанышында маанилүү учур болуп саналат. Кыргызстан 2010-жылы парламенттик демократиянын өнүгүү жолуна түштү. Бул төрт жыл ичинде биз парламентаризмди өнүктүрүү үчүн бар күч-аракетибизди жумшадык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү кайталангыс процесске ээ болду деп айта алабыз”,- деп билдирди А.Жээнбеков.
Брассер Жээнбековду “демократия боюнча өнөктөш” макамына ээ болушу менен куттуктады. “Биз өзүбүздүн ордубузду демократиялык институттарды бекемдөөдө өнөктөштөрүбүзгө жардам берүүдөн көрүп турабыз. Макам алууда сиздерди гана эмес, сиздердин региондо биз үчүн өтө маанилүү болгон ишенимдүү өнөктөшкө ээ ЕКПАны дагы куттуктайм”,- дейт Брассер.
Маалыматты ЖКдан билдиришти.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан