Аламүдүн районунда бир адам көлмөгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 23-июнь күнү аталган райондун Восток айылында балык өстүрүүчү көлмөнүн жумушчусу, 1989-жылы туулган Константин Власов көлмөгө чөгүп кеткен. Учурда издөө иштери жүрүп жатат. Денеси табыла элек.