Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолуна түшкөн таш көчкүнүн бир бөлүгү тазаланып, жол бир багытка ачылды

Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолуна түшкөн таш көчкүнүн бир бөлүгү тазаланып, жол бир багытка ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-июнда билдирди.

Эске салсак, Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолунун 167-чакырымында, Талдык ашуусунда көлөмү болжол менен 8960 метр куб (узундугу 80 м, бийиктиги 8 м, туурасы 14 м) болгон таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Тазалоо иштерине “Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там” жол башкармалыгынан 3 жүктөгүч, 4 самосвал, 1 экскаватор жана 1 кран тартылып, 2014-жылдын 23-июнь күнү саат 19:00дө унаа жолу бир багытка ачылды. Учурда тазалоо иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sher89
2014-06-24 19:47:59
жолду эл эле эмес, кочку дагы тосуп атабы дейм да?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан