Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, айдоочу жаракат алды

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, кечээ Тоң районундагы Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 12-чакырымында Ниссан Либерти үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги тосмону сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1976-жылы туулган айдоочу Динара Мамбетова жабыркаган. Кырсык болгон жерге КРнын ӨКМнын №19-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, жабыркаган адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан