Талас - Тараз жолун оңдоо боюнча макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз өкмөтү менен "Сауд" өнүктүрүү фондунун ортосундагы Талас - Тараз жолун оңдоо боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды. Муну бүгүн, 24-июнда президенттик аппараттан билдиришти. 2013-жылдын 13-августунда кол коюлган макулдашууга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 28-майында кабыл алган эле. Кыргызстандын Каржы министрлигине белгиленген тартипте "Сауд" өнүктүрүү фондуна Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан