Президент өлкөдө ок-дарыларды сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча меморандумду ратификациялады

Кыргызстанда ок-дарыларды сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча меморандум ратификацияланды. Кыргыз өкмөтү менен Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун ортосундагы "Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө" меморандумду ратификациялоо тууралуу" мыйзамга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Маалыматка таянсак, демилге ок атуучу куралдар менен ок-дарыларды сактоо кампаларын жаңылоого, ок-дарыларды сактоо ишине катышы бар адистердин билимин көтөрүүгө багытталган. Бул долбоорду ишке ашырууга ЕККУ 2 миллион 200 миң евро суммасында гранттык каражат бөлөт.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте ЕККУга Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан