Чүй облусунун тургуну өзүнүн күйөөсүн бычак менен сайып, кийин жардам көрсөтпөй кароосуз таштап койгон

Чүй облусунун тургуну өзүнүн күйөөсүн бычак менен сайып, кийин жардам көрсөтпөй кароосуз таштап койгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Сокулук райондук ооруканасына төшүнө бычактан алган жарааты бар 32 жаштагы жаран келип түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында ооруканага түшкөн жаранды өз аялы жарадар кылганы аныкталган. Тактап айтканда, кылмыш болгон күнү үй-бүлө жана алардын достору спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Кызганычтан улам аялы менен күйөөсү уруша кетип, 47 жаштагы аял өзүнүн күйөөсүн бычак менен көкүрөккө сайып салган. Кийин күйөөсүнө жардам бербестен кароосуз калтырып салган. Жарадар болгон күйөөсүн кошуналары байкап калышып, "Тез жардам" чакыртышкан.

Иликтөөдө күйөөсүнө бычак сайган 47 жаштагы айым буга чейин да ушундай кылмышка баргандыгы белгилүү болгон. Учурда иликтөө иштери уланууда.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Krasnyi.kg
2014-06-24 11:27:16
аялы 47 жашта болсо куйосу 32 жаштабы, аялы чарчап калыптырго картайып
0
primer-dent
2014-06-24 11:28:05
Куйоосу 32 жашта,аяли 47 жашта.
0
semakg
2014-06-24 17:44:33
Ойношу болсо керекда же жарандык никеде, ак нике менен алган аялы болсо андай кылбаса керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан