Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 23-июнда Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Кыргызстан боюнча эксперт-баяндамачысы Андреас Гросс менен жолугушту.
Жолугушуу “демократия боюнча өнөктөш” макамын ыйгаруу жөнүндө сертификатка кол коюу боюнча расмий аземдин жана ЕКПАнын жайкы сессиясына Кыргызстандын парламенттик делегациясынын катышуусунун алкагында өттү.
“Макам берүүдө ЕКПАга мүчө өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү добуш беришти. Мында сиздин сиңирген эмгегиңиз бар. Бул жооптуу жүрүмгө биз тараптан алгачкы кадам жасалды, бирок кийинки кадамдар да өтө маанилүү. Кыргызстан демократиялык өзгөрүү жолунда эксперттик, техникалык жана каржылык колдоого муктаж”,- деп белгиледи Жээнбеков.
Гросс аталган өнөктөштүктүн алкагында Кыргызстанга сунушталып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу үчүн бир катар сунуштарды айтты.
Биринчи кезекте ал келечекте ЕКПАда өлкөсүн расмий тааныштыра турган кыргызстандык парламентчилерди ЕКПА комитеттеринин жыйындарына жана уюмдун өзүнө жигердүү катышууга чакырды. Муну ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.