Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр кийинки аптада уланат

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр кийинки аптага жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, 25-июнда өтүүчү жолугушуу тажик тараптын сунушу менен артка жылдырылды. 

Эртең, 25-июнда Бишкекте сүйлөшүүдө Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун курулушун, чек ара маселесин талкуулоо улантылмак. Бирок Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон Кыргызстандын Тажикстандагы элчилик аркылуу кийинки аптага жылдырууну өтүндү”,- деди ал. Айта кетсек, ушул жылдын 19-июнунда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек аралары боюнча эки тараптуу делегациялардын кезектеги отуруму болгон. Ага вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон башында турган комиссия мүчөлөрү катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан