17-январда ЖКнын жыйынында Баткен менен Сох анклавынын чек ара аймагында болгон окуяны кароо улантылат

Бүгүн, 16-январда өткөн ЖКнын жыйынында Баткен облусу менен Өзбекстандын Сох анклавынын чек ара аймагында болгон окуя, анда түзүлгөн оор кырдаалды турукташтыруу жана анын кесепеттерин жоюу маселелери жабык эшик артында каралды. Жыйынга КРнын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев баш болгон мамлекеттик органдар менен мекеме жетекчилери, Баткен облусунда жашаган калк өкүлдөрү катышты.Аталган маселени кароо эртең, 17-январдагы ЖКнын кезектеги жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда улантылат. Жыйынтыгында ЖКнын токтому кабыл алынып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелерге тез арада чара көрүү боюнча тапшырмалар бериле турганын билдирет ЖКнын маалымат кызматы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан