Ошто эки жаштагы бала үчүнчү кабаттан түшүп кетип каза болду

Ош шаарында өткөн жумада жаш балдардын катышуусунда эки кырсык катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Насирдин Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан 18 жаштагы кыз кулап кеткен. Ал оор жаракат менен шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жеткирилген.

Ошондой эле Латипжанова көчөсүндө эки жаштагы бала 3-кабаттан түшүп кеткен. Бирок дарыгерлер наристенин өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, жайдын аптабында көпчүлүк айнектерди, балконду ачык калтырат. “Бул жаш балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратат”,- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aida2013
2014-06-24 16:58:40
эки бала жаш балдар деп ойлоп каласын билбейт деп а тиги кызга эмне болгон тан калычтуу?
0
Aikoo2014
2014-06-25 14:41:46
Кудай сактасын,жаш бала ойноп барып алганго чамасы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан