Тармактык комитет Түрк академиясын түзүү демилгесин колдоду

Бүгүн, 24-июнда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына мүчө мамлекеттердин – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын ортосунда Түрк академиясын түзүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралды.  

Маалыматка ылайык, Түрк академиясы түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташуу кеңешинин астында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт. Аны илимий кеңеш башкарат. Илимий кеңештин жетекчиси 4 жылда бирден шайланат. Түрк академиясынын түзүлүшү менен көптөгөн илимий иштерди жүргүзүүгө өбөлгө түзүлөт. Академия Астана шаарында жайгашат, анткени анын каржылоо маселелерин Казакстан өз колуна алууда.

Жыйынтыгында ратификациялык мыйзам долбоору колдоого ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан