Бүгүн, 24-июнда парламенттеги Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды.
Депутаттарга билим берүү жана илим министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаева маалымат берип, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын билим берүү тармагына 12,7 миллион доллар гранттык насыя берерине токтолду.
“Каражат 100 пайыз гранттык негизде берилет жана ал атайын айылдарда мектепке чейинки даярдык класстарын ачуу, эмерек менен камсыздоо жана мугалимдерди даярдоого жумшалат”,- деди Кендирбаева.