Баткенде тажикстандык жарандар чек арадан мыйзамсыз түрдө 62 тонна мал терисин өткөрүүгө аракет кылышканы белгилүү болду

Баткенде тажикстандык жарандар чек арадан мыйзамсыз түрдө 62 тонна мал терисин өткөрүүгө аракет кылышкан. Бул боюнча бүгүн, 24-июнда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдирилди.

«Кызыл-Бел» ветеринардык чек ара көзөмөл бекетинде Тажикстандан мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 62 тонна малдын териси Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын инспекторлору тарабынан кармалды. Коңшу өлкөнүн жарандары мыйзамсыз жол менен терини Кыргызстанга алып кирүүнү көздөшкөн. Бирок тиешелүү ветеринардык документтердин жоктугуна байланыштуу жүк Кыргызстандын аймагына киргизилген эмес.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан