Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Дмитрий Мезенцев менен жолугушту

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Дмитрий Мезенцевди кабыл алды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, башкы катчы ШКУнун Бишкекте 23-июнда өткөн 9-форумунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Форумда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгы талкууланды. 
Алмазбек Атамбаев ШКУнун аймактык экономикалык кызматташтык, жаңы транспорттук коридор жана коопсуздук тармагындагы ролун белгиледи. Тараптар эл аралык жана аймактык актуалдуу көйгөйлөр боюнча да пикир алышканы айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан