Бишкекте зордуктоого шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, борбор шаардын 22 жаштагы тургуну О.К. милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар күч колдонуп зордуктап кетишкенин билдирген.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Ирим жана 20 жаштагы Марат кармалган. Иликтөө иштери башталды.