Кыргызстанда стратегиялык маанидеги жолду мыйзамсыз буугандарга жазаны күчөтүү сунушталууда. Парламенттеги "Ата Мекен", "Ар-намыс" жана КСДП фракцияларынын лидерлери көтөрүп чыккан бул демилге ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 24-июндагы отурумунда каралды. Мыйзам аркылуу жолду 24 сааттан ашык буугандарга жаза катууламакчы. Тактап айтканда, уюштуруучуларды 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жагы каралууда. Демилгени комитет мүчөлөрү колдошту.
Эске салсак, Алайда депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Ош - Эркеч-Там унаа жолун бир айга жакын бууп турушту. Мунун айынан мамбюджет 80 миллион сомдун тегерегинде зыян тартканы айтылды.