75 жаштагы
Клаус Самес аттуу немис окумуштуусу илимий изилдөө иштери үчүн өзүнүн кийинки өмүрүн тобокелге салып, денесин 150 жылга тоңдурууга,
криоконсервациялоого макулдугун берди. Бул үчүн ал америкалык компания менен келишим түзүп, 21 миң евро төлөгөн. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эми анын денеси адам баласы тоңдурулган клеткаларга кайра кантип жан киргизүүнү изилдеп чыкканча тоңуп турат. Маалымат боюнча, окумуштуунун денеси 196 градуста тоңдурулат. Качан гана мээнин юридикалык өлүүсү катталгандан кийин денени муз салынган ящикке салып, АКШдагы Крионика институтуна алып кетишет. Ал жактан денедеги кан сордурулуп алып, ордуна физэритме (физраствор) куюлуп, тоңдурулат.
Клаус Самес өз өмүрүн геронтология илимине арнап, тагыраак айтканда, картаюу процессин изилдеп келген. 1995-жылдан кийин ал клеткаларды тоңдурууну изилдөөгө өткөн. Мындан улам ал организмдерди тоңдуруунун келечеги бар деп эсептейт жана 150 жылдан кийин адам баласы тоңдурулган клеткаларды иштетүүнү үйрөнөт деген ишеничин билдирет.
Белгилей кетсек, учурда дүйнө жүзүндө 3 гана тоңдуруучу клиника бар. Алардын экөөсү АКШда, бири Орусияда жайгашкан. 2013-жылдагы маалымат боюнча, буга чейин 250гө жакын адам тоңдурулган. Эң алгачкы адам мындан 45 жыл мурун тоңдурулган.