16-январда КРнын Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк менен жолугушуп, Түштүк жана Борбордук Азия тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Роберт Блейк Кыргыз Республикасынын өнүгүү стратегиясы менен кызыкдар. Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, бул стратегияда өлкөнүн 5 жылдык экономикалык өнүгүүсү каралган. Ошондой эле премьер-министр АКШнын Кыргызстанга USAID аркылуу жардам көргөзүп жатканына ыраазычылык билдирди.