Чүй облусунун Кант шаарындагы Азия медициналык институтуна байланышкан талаштуу маселе бүгүн, 24-июнда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында каралды. Окуу жайдын ректору Эсенгелди Жолдошбеков 2013-жылдан бери көптөгөн негизсиз текшерүүлөр болуп, окуу жайды жабууга аракет жасалып жатканын билдирди. Текшерүүнү Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мекемелер аралык комиссия жүргүзүп жатыптыр. Окуу жайда сессия маалы бүткүчө текшерүүнү токтотуп туруу сунушталууда.
Депутаттар бул маселени кароону тармактык мекемеге тапшырышты.