Айдоочу милиция кызматкерине кол салып, погонун жулуп алган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкек ШИИББинин түнкү милициясы тарабынан Ауди А6 унаасы токтотулган. Текшерүүгө алууда аталган унаанын 40 жаштагы Алексей аттуу айдоочусу милиция кызматкерлерине орой мамиле кылып, укук коргоо кызматкерине кол салып, погонун жулуп алган.
Аталган жаран милиция бөлүмүнө алынып барып, ал Ош облусунун тургуну экени аныкталган. Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.