Бишкекте 23 жаштагы жаран милиция кызматкерине залал келтиргени үчүн камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-июнда билдирди.
Маалым болгондой, Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен Каныбек аттуу жаран мас абалында көчөдөгү адамдарды сөгүп, коомдук тартипти бузган. Аталган аймакта кызмат өтөп жүргөн милиция кызматкерлери аны коомдук тартипти бузбоого чакырышкан.
Бирок Каныбек баш ийбестен милиция кызматкерине кол салып, анын денесине залал келтирген. Аталган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, ага карата “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.