Кыргызстанда кайрылмандарга бөлүнчү квотаны жоюп салуу сунушталууда. Муну менен өлкөгө кайтып келген этникалык кыргыздардын шартын жакшыртуу жагы каралууда. Демилгени эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 24-июндагы жыйынында айтты. Кыргызстанга кайтып келген этникалык кыргыздарга өлкөдө жашаган алардын жакындарынын ишеним кагазы аркылуу кайрылман статусун берүү жана алардын ишке орношуусу үчүн медициналык аныктама суроону жоюу да сунушталууда.