Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм "унаа уурдаган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунун 21 жаштагы Карыбек аттуу тургуну милиция бөлүмүнө кайрылып, үйүнүн короосунда токтоп турган Ниссан Примера үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адам уурдап кеткенин маалымдаган. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин негизинде кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунун 16 жаштагы Т.Чынкел аттуу тургуну кармалган. Иликтөө иштери уланууда.