Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 24-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын директорунун милдетин аткаруучу Юрий Федотов менен жолугушту. Вена шаарында өткөн жолугушууда тараптар БУУнун аталган башкармалыгынын алкагындагы долбоорлордун ишке ашуусу жана алдыдагы пландар талкууланды. Жыйынтыгында эки тарап БУУнун айтылган башкармалыгынын өлкөлүк атайын программасына кол коюшту, анын бюджети 10 миллион 600 миң доллар. Бул программанын алкагында кыргыз өкмөтүнө баңгизат кылмышы жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн акчалай жардам берилмекчи. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.