Кыргызстандын орто окуу жайларына 400 миллион сомдон ашуун мектеп эмеректери керек. Бул тууралуу Кыргызстандын 2012-2020-жылдарынын билим берүү стратегиясында жазылган. Аталган суммага 46 миң парта, 7 миң китеп шкафтары, 17 миң мугалимдердин отургучтары, 6 миңден ашык жазуу тактайлар сатылып алынмакчы.