Жайыл районунда 2014-жылдын 5 айында 318 миллион сом салык жыйналыптыр

Жайыл районунда 2014-жылдын 5 айында салык чогултуу боюнча пландалган 358 миллион сомдун 318 миллиону жыйналды. Муну бүгүн, 24-июнда Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Бул көрсөткүч 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга көп экени айтылды. Аталган районго иш сапары менен барган Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов "Бирдиктүү терезе" долбоорунун иши менен таанышты. "Салык төлөөчүлөрдүн бир жайдан комплекстүү кызмат алып калышы кубанарлык. Муну менен бир катар иш бөлмөлөр, татаал процедуралар азайды",- дейт ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан