Этникалык кыргыздардын ишке орношуусун жеңилдете турган мыйзам долбоорун комитет колдоду

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети 24-июнда кайрылмандарга бөлүнчү квотаны алып салуу үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоорун жактырып, биринчи окууда Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, кайрылмандардын Кыргызстанга кайтып келүү квотасын алып салуу үчүн "Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамдарына тиешелүү түзөтүү киргизилүүдө.

Кыргыз өкмөтү Кыргызстанга кайтып келген этникалык кыргыздарга да алардын бул жерде жашаган туугандарынын ишеним катынын негизинде кайрылман макамын берүү, алардын тийиштүү документтерисиз эле ишке орношуусуна шарт түзүү да сунушун киргизүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан