Каржы министрлигинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы аракет башкармалыгы тарабынан Каржы министрлигинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Белгилүү болгондой, Каржы министрлигинин жооптуу кызматкерлери жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте көмүскө бүтүм чыгарып, Аламүдүн районундагы ишканалардын биринин бюджеттик каражатын мыйзамсыз колдонгон. Жыйынтыгында мамлекетке 2,4 миллион сом чыгаша болгон. Бул факт боюнча Каржы  министрлигинин жооптуу кызматкерлерине жана Аламүдүн районунун Васильевский, Көк-Жар, Ак-Дөбө айыл округунун кызматкерлерине, ошондой эле ишкананын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан