Сузакта адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Сузакта адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, 23-июнь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Сузак РИИБинин Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнө "45-50 жаштардагы эркек киши өзүн билбеген абалда жатат" деген кабар түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери чыгышып, жараат алган Абдувахап Хасановду Октябрь аймактык ооруканасына жеткиришкен. Бирок ал денесинен алган жаракатынан ооруканада каза болгон. Жабырлануучунун белгисиз бирөө тарабынан сабалганы аныкталган. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Анын натыйжасында аталган кылмышка шектелип Кызыл-Туу айыл аймагынын 1968-жылы туулган Р.Таанбаев аттуу тургуну кармалган. Учурда ал өз күнөөсүн толугу менен моюнуна алды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан