21-июнда “Боко Харам” радикал-экстремисттери Нигериянын түндүк-чыгышындагы айылдарга кол салып, 91 жаш баланы уурдап кетишкендиги айтылууда. Кол салуудан 4 адам каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, уурдалгандардын 60ы кыздар, 31и эркек балдар. Азырынча алар тууралуу эч кандай маалымат чыга элек.
Белгилей кетсек, апрель айында “Боко Харам” радикал-экстремисттери тарабынан 270 окуучу уурдалган эле. Учурда алардын колунда 219 окуучу калды.