Бүгүн Бишкекте "Тез жардам" унаасынын айдоочусун сабаган адам башкарып бара жаткан унаа эс алуучу жайлардын биринин кызматтык унаасы экени аныкталган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, бүгүн, 24-июнда эртең мененки саат 10:00 чамасында "Тез жардам" унаасы менен башка бир унаа жол талашып кетишкен. Ортодо чыккан уруштан улам эки айдоочу жол жээгине чыгып сүйлөшүшкөн. Бул учурда аталган айдоочу "Тез жардам" унаасынын айдоочусун ур-токмокко алып, видеорегистраторун тартып алган да, белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, унаа борбордогу эс алуучу жайлардын бирине таандык экени аныкталган. Бирок ал эс алуучу жайдан жогорудагы унаа аларга тиешелүү эмес экендигин айтышкан. Учурда унааны жана айдоочуну издөө иштери уланууда.