
* Мындан 77 жыл мурун, 1937-жылы легендарлуу актёр, КРнын Эл артисти
Болот Бейшеналиев Чүй боорундагы Кемин районунун, Чоң-Кеминдин Калмак-Ашуу айылында туулган. Ташкенттеги А.Островский атындагы Театралдык-көркөм институтун бүтүргөн. Эмгек жолу "Кыргызфильм" студиясында башталган. Эң алгачкы ролду "Тайгак кечүү" фильминде аткарган. Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген. Өмүрүндө 103 кинофильмде роль аткарган. Болот Бейшеналиев 2001-жылы 17-ноябрь күнү 64 жаш курагында кайтыш болгон. Бул күнү киноискусствосунун 60 жылдыгы белгиленип, столдо отурганда капысынан жүрөк оорусу кармап калган.

* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы дүйнөлүк шоу-бизнес, дүйнө эли поп музыканын падышасы
Майкл Жексон 50 жаш курагында Лос-Анжелестеги үйүндө каза болгон. Поп жылдыз ооруну сездирбөөчү дарыны ашыкча ичип алганы белгилүү болгон. Майкл Жексон 1958-жылы 29-августта Гэри (Индиана штаты, АКШ) шаарында туулган. Үй-бүлөдө жетинчи бала болгон. Ата-энеси Жозеф жана Кетрин Жексондор балдарын катуу тартипте кармашкан. Чыгармачылыкты Майкл 1964-жылы баштаган. 1969-жылдан тарта ал топ эл оозуна алынып, дүйнө жүзүнө тараган. 1985-жылы "Thriller" деген альбому жарык көргөн. Ошол альбому 104 миллион диск менен чыгып, дүйнө жүзү боюнча эң көп нускалуу альбом болуп, "Гиннесс" китебине кирген.

* Мындан 384 жыл мурун, 1630-жылы АКШда биринчи жолу тамактанууда ашкана айрысы колдонулган. Мындай айры менен эң алгач губернатор
Уинтроп Рокфеллер тамак ооз тийген.