Премьер-министр Жоомарт Оторбаев тажик элчиси менен чек ара көйгөйүн талкуулады

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кечээ, 24-июнда Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимовду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жолугушууда эки тараптуу экономикалык кызматташтык менен катар чек ара маселеси да талкууланды. Анда премьер Жоомарт Оторбаев кыргыз-тажик чек ара маселесин конструктивдүү нукта чечүү аймакта чыр-чатактардын алдын алууга өбөлгө болорун белгиледи. Рахимов эки тарап стратегиялык өнөктөш экенин айтып, соода-экономикалык байланышты бекемдөөгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Кыргызстан стратегиялык негизги өнөктөш жана эки өлкөнүн жаңы деңгээлдеги чек ара маселесин жөнгө салуу боюнча чечим кабыл алынат”,- деди ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан