Мындан ары кыргыз илимпоздоруна ай сайын 7,5 жана 15 миң сомдон стипендия берилип турмакчы

КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиктери айына 15 миң сомдон, ал эми мүчө-корреспонденттери 7,5 миң сомдон стипендия алып турушмакчы. Тиешелүү токтомго КРнын Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Мындай чечим илимпоздордун чыгармачылыгына шарт түзүү, жашоо шартын көтөрүү максатында кабыл алынганын билдирет өкмөттүн маалымат кызматы. Бюджетте каралган бул каражатты ай сайын төлөп туруу Улуттук илимдер академиясынын жетекчилигине жүктөлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан