Аманбай Кайыпов: "Торугарт" көзөмөлдөө чек ара пункту эч жакка жылбайт"

"Торугарт" көзөмөлдөө чек ара пункту эч жакка жылбайт. Мындай билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов алгач Ат-Башы районундагы Кара-Суу, Кара-Булуң, Кызыл-Туу сыяктуу аймакташ жайгашкан бир нече айылдын тургундары менен Казыбек айылында, андан соң райондук мекеме-ишканалардын, коомчулуктун өкүлдөрү катышкан коомдук угууда айтты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Нарын өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сөз алган Аманбай Кайыпов: "Бул маселе убагында туура эмес маалыматтардан улам токтоп калган. Андан бери Ош облусунун Эркеч-Там участкасына жаңы имарат тургузулду. Бул ирет биз жаңы имаратты ошол эле Торугарт участкасындагы эски имараттын жанына салалы деп жатабыз. Мында эч кандай маселе жок, чек ара көзөмөл пунктунда Бажы кызматы жана башка тиешелүү кызматтар иш жүргүзөт. Андыктан бул маселе боюнча дагы туура эмес түшүнүктөр жаралбаш үчүн сиздер менен акылдашып, аны ортого салып, сунуш-пикирлериңерди угалы деп келдик",- деген.

Жолугушууда мындан сырткары Чек ара аскер кызматынын, Облустук курулуш башкармалыгынын жетекчилери да кошумча маалыматтарды берип, катышкандардын суроолоруна жооп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан