Штанга көтөрүү боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев тууралуу "Балбан" аттуу документалдуу тасма тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда тасманын режиссёру Сапар Акунбеков билдирди.
Анын айтымында, тасма К.Осмоналиевдин спортко аралаша элек учурунан тартып азыркы жашоосуна чейинки учурду камтыйт. "Бул тасма 10 мүнөттүк кыска метраждуу фильм. Тасманын негизги мазмуну келечекте К.Осмоналиев сыяктуу Кыргызстандан дагы да болсо Олимпиада чемпиону чыгат деген сценарийди камтыйт",- дейт жаш режиссёр.