Бишкек-Торугарт жолунда лимузин унаасынын салонунан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы Токмок шаарынан анча алыс эмес жерде катталган. Кырсыктын келип чыгышына электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон. Өрт катталган учурда унаанын салонунда канча жүргүнчү болгондугу тууралуу маалымат айтыла элек.