Токмок шаарында өрт кырсыгы катталып, үй ээси каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 24-июнда Токмок шаарынын Чапаев көчөсүндөгү турак үйдө өрт чыккан. Анын кесепетинен бөлмөнүн 2 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Ошондой эле бөлмөдөн 1960-жылы туулган Ороз Иманалиевдин бутунан жана белинен күйүк алган жансыз денеси табылган. Кырсыктын келип чыгышына электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.