Тоң районунда трактор менен жеңил унаа сүзүшүп, 1 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 24-июнь күнү Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 2-чакырымында Тойота үлгүсүндөгү унаа менен трактор сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаадагы айдоочу жана анын аялы, эки баласы куткаруучулар тарабынан унаадан чыгарылып, жардам көрсөтүлгөн.