Бүгүн, 25-июнда Октябрь райондук сотунда мурдагы шаар башчысы Иса Өмүркуловдун сот иши уланат. Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты.
Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкаров, Кадырмамбетов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүшүүдө.