Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жаңы дайындалган шаардык прокуратуранын башчысын депутаттар менен тааныштырды

Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында кеңештин төрагасы Марат Аманкулов депутаттарды Бишкек шаардык прокуратурасынын жаңы дайындалган башчысы Нурлан Сулайманкулов менен тааныштырды.

Айта кетсек, аталган сессияда 11 маселе каралат. Алардын ичинен негизгилери булар: Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорунун жана протоколдук буйруктарынын аткарылышы боюнча отчёту, 2014-2018-жылга Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн “Ачык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары” аттуу программасын кабыл алуу жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши боюнча отчёту.

Мындан тышкары аталган сессияда балдар жана өспүрүмдөр үчүн жайкы эс алуу маселеси талкууланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан