Аламүдүн районунда балык өстүрүүчү көлмөгө чөгүп кеткен адам табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-июнда билдирди.
Маалым болгондой, Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагында 2014-жылдын 23-июнь күнү саат 15:10 чамасында Восток айылындагы балык өстүрүүчү көлмөгө Бишкек шаарынын Ленин районунун Чоң-Арык айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Константин Власов чөгүп кеткен.
2014-жылдын 24-июнунда издөө иштерине КРнын ӨКМнын Аламүдүн райондук №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана КРнын ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, издөө иштерин улантышкан, бирок натыйжа болгон эмес.