Депутаттар Алайда жол тоскондорду талкууга алган телеканалдарды сындашты

Парламент депутаттары Алайда жол тоскондорду талкууга алган мамлекеттик телеканалдарды сындашты. ЖКнын 25-июндагы жыйынында депутат Надира Нарматова: "Тосулган жол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында араң ачылды. Жол ачылгандан кийин телеканалдар атайын көрсөтүү даярдап, ошол маселени талкуулап жатышат. Аялдардан баштап эч ким калган жок, аябай сындашты. Ушундай "кытыгылоонун" кимге кереги бар? Мындай назик маселеге ММКлар абайлап мамиле кылышы керек",- деп чыкты. Депутат мындай көрсөтүү элдин кыжырын козгой турганын айтат.
Айта кетсек, жакында телеканалдардын биринде Алайда жол тоскондор боюнча көрсөтүү болуп, ага катышкандар жол тосуунун зыянын, аялдардын "Кара жорго" бийлегенин сынга алышып, бул иш мусулманчылыкка да туура келбестигин айтышкан эле. 27-майда тосулган Ош - Эркеч-Там жолу 23-июнда ачылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан