Ташполот Балтабаев парламент кабыл алган чечимдердин бири да аткарылбай жатканын айтып чыкты

Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында депутат Ташполот Балтабаев парламент кабыл алган чечимдер өкмөт тарабынан аткарылбай жатканын айтып чыкты. “Биздин күчүбүз мыйзамдарды жазууда же токтом чыгарууда эмес, алардын аткарылышын көзөмөлгө алууда. Биз канчалык чечимдерди кабыл алганыбыз менен, алардын бири да аткарылбай жатат. Мисалы, Батукаев, “Кумтөр”, чек ара маселеси боюнча... Бир да чечимибиз аткарылган жок”,- деди депутат.

Жогорку Кеңештин комитеттери кабыл алган чечимдерди өкмөт аткарбай жатканын депутат Анарбек Калматов да айтып чыгып, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан