Бишкекте “жер тилкесин сатып берем” деп 10 миң доллар алып, качып жүргөн аял кармалды

Бишкекте “жер тилкесин сатып берем” деп 10 миң доллар алып, качып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал чала тааныш аял Ак-Ордо жаңы конушунан жер тилкесин алып берем деп 10 миң доллар алганын жана ошондон бери дайынсыз экендигин айткан. Бул боюнча издөө иш-чаралары жүрүп, Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан 39 жаштагы аял кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын башка да ушуга окшогон кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kalin466
2014-06-25 11:32:49
Бир кезде менин эжем да бир адамга ушинтип жер алганга тиешелуу документтерин,акчасын берип коюп ,ошо бойдон же жерден жок,же документтери акчасы менен жок,куржалак калды. Ушундай адамдарды катуу жазалаш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан