Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "өзүнүн 3 жаштагы кызын зордуктаган" деп айыпталып жаткан Үсөн Сакатаевдин сот иши улантылат. Соттук отурумда жарыш сөздөр айтылары белгилүү болду. Бул боюнча Биринчи Май райондук сотунан билдирилди.
Айта кетсек, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунда Үсөн Сакатаевдин иши боюнча сот отуруму болуп, айыпталуучу лезвие менен моюнун кесип жиберген. Кийин өмүрүнө коркунуч жаралбагандыктан, СИЗОго алынып барган болчу.
Эске салсак, өткөн жылы апрелде "өзүнүн 3 жашар кызын сабап, андан соң зордуктап салган" деген шек менен Үсөн Сакатаев аттуу Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы тургуну кармалган.