Жогорку Кеңеште Түрк академиясын түзүү демилгеси каралууда

Бүгүн, 25-июнда парламент жыйынында түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына мүчө мамлекеттердин – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын ортосунда Түрк академиясын түзүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралууда. Демилге боюнча билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев суроолорго жооп берүүдө. Маалыматка ылайык, Түрк академиясы түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташуу кеңешинин астында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт. Аны илимий кеңеш башкарат. Илимий кеңештин жетекчиси 4 жылда бирден шайланат. Түрк академиясынын түзүлүшү менен көптөгөн илимий иштерди жүргүзүүгө өбөлгө түзүлөт. Академия Астана шаарында жайгашат, анткени анын каржылоо маселелерин Казакстан өз колуна алууда. Депутат Каныбек Осмоналиев академия Бишкекте жайгашса жакшы болмок экенин, бирок маселе чечилип калганын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан