Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн экстремисттик маанайдагы адабияттар жана ок-дарылар табылды

Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн экстремисттик маанайдагы адабияттар жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, милиция кызматкерлери тарабынан келип түшкөн маалыматтын негизинде Бишкек шаарынын 25 жаштагы Кубан аттуу тургунунун жашаган жери тинтүүгө алынган.

Жыйынтыгында аталган жарандын үйүнөн экстремисттик маанайдагы материалдарды камтыган 24 даана диск, 22 даана китеп жана бир нече ок-дары табылган.

Учурда аталган окуя боюнча бардык материалдар УКМКнын тергөө бөлүмүнө юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан